Биз менен байланышыңыз

Орусияда бир күндө дээрлик 9 миң адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 644 | 0

Орусияда бир суткада 8987 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы вирус жуккандардын саны 511,4 миңден ашты. Бул тууралуу Ыкчам штабдын маалыматына таянып, РБК агенттиги жазды.

Ошол эле учурда Орусияда коронавирус пайда болгондон бери COVID-19дан 6,7 миң адам көз жумуп, 269 миңден ашык адам айыгып кетти.

Вирустун санынын өсүшү боюнча региондордун арасында Москва шаары жана Москва облусу лидер бойдон калууда. Аталган аймактарда бир сутка ичинде 1714 жана 730 жаңы учурлар аныкталды. Аталган аймактардан ​​тышкары, вирустун көп жайылышы боюнча алдыңкы беш шаарга: Санкт-Петербург (бардыгы — 20 миң, жаңы — 274), Нижний Новгород (бардыгы — 13,5 миң, жаңы -221) жана Свердловск облусу (бардыгы 8,8 миң, жаңы-320) кирет.

Ошол эле учурда бир суткада COVID-19 менен ооруган 8220 бейтап айыгып чыгарылды. 12-июнга карата өлкөдө коронавирустан 183 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM