Биз менен байланышыңыз

Ырчы Нурмат Садыровдун Германияда боло турган концерти токтотулду.

Коронавирус коркунучунан улам, Нурмат Садыровдун Германияда боло турган концерти токтотулду. Бул туурасында ырчы «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Германиядагы мекендештер кыргызстандык бир катар ырчыларды  Нооруз майрамына карата концерт коюп кетүүгө атайын чакырган.

«Бирок коронавирус илдетине байланыштуу эл чогулган жерлерде көптөгөн иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыктан, тилекке каршы, барбай калдык, буюрса, абал турукташса мекендештерибиз менен жолугуп концерт коюп келебиз», — деди ырчы өз сөзүндө.

Кошумчалай кетсек,  өлкөбүздө коронавирус оорусунун жайылуусун алдын алуу максатында карантин жарыяланып, коомдук жайларда элди чогултпоо  үчүн чыгарылган мыйзамдан улам алдыдагы бир канча  концерттер жана маданий  иш-чаралар токтотулду.

Copyright © 2017 Maral FM