Биз менен байланышыңыз

Профилдик комитет ТИМдин өткөн жылдагы ишине оң баа берди

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 387 | 0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 2019-жыл үчүн берген отчетун жактырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти кабарлады.

Комитет депутаттардын алдында маалымат берип жатып, министр Чыңгыз Айдарбеков Экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча ТИМдин ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолду.

Жыйында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 62 бизнес-форум жана роуд-шоу, 343 презентация өткөрүлүп, чет элдик бизнес делегациялардын КРга 350 иш сапары болгону айтылды. Жыл ичинде Кыргыз Республикасы 8 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Кыргызстан менен дипломатиялык алакадагы мамлекеттердин жалпы саны 164 өлкө менен болгонун белгиледи.

Министрликтин чет жердеги Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иши баса белгиленген. Мында консулдук мекемелердин географиясы кеңейтилгени айтылды.

Министр отчётунда “Электрондук виза” системасын ишке киргизгенден бери ар кандай категориядагы 75 миң виза берилгенин айтты. 60 күндүк мөөнөт менен визасыз режим жайылтылган жарандар боюнча өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Учурда бир тараптуу визасыз режим дүйнөнүн 52 мамлекетине каралган.

Өз кезегинде комитеттин мүчөлөрү Тышкы иштер министрлигинин  алдына коюлган тапшырмалар негизинен аткарылгандыгын белгилешип, отчетту жактырды.

Copyright © 2017 Maral FM