Биз менен байланышыңыз

АКШ: Коронавируска кабылгандардын саны 700дөн ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 346 | 0

Джонс Хопкинс университетинин эсептөөлөрү боюнча АКШда коронавируска кабылгандардын саны 700 адамдан ашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, вирусту жуктурган 709 учур катталып, 22 адам көз жумду.

Ал эми CNN телеканалы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана федералдык сактоо органдарынын маалыматтарын жалпылоо менен 717 адам илдетти жуктурганын, андан 26сы каза тапканын жазды.

Кечээ, 9-мартта АКШда 600дөн ашуун адамдын коронавируска кабылганы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM