Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Товарлар жетиштүү санда жана экспорттоо мурдагыдай эле жүрүүдө

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 340 | 0

Штабдын башкы максаты — ата мекендик рынокто туруктуулукту камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алуу. Мындай пикирин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр райондордо жана облустарда штабдарды уюштуруу, алардын алкагында күнүгө чогулуп, айыл чарба продукцияларынын запасына анализ, бааларга мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди.

Туруктуу өндүрүш көлөмүн, ташып келүүнү камсыз кылуу жана баалар боюнча өндүрүүчүлөр, ташуучулар, ири соода түйүндөрүнүн жана базарлардын кожоюндары менен жолугушууларды өткөрүү максаттуу. Биз чийки заттардын көлөмү, ташып келүү боюнча келишимдер, каржылоодогу муктаждыктар жана чет элдик жумушчу күчтөрдүн зарылдыгы жөнүндө билишибиз зарыл, — деди Асрандиев.

Ал мамлекеттик органдардын алдын ала берген маалыматы боюнча, ата мекендик рынокто кырдаал туруктуу экенин кошумчалады. Айыл чарба багытындагы товарлар жетиштүү санда, ал эми аларды экспорттоо мурдагыдай эле жүзөгө ашырылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз тарап продукцияларды ташууга кандайдыр бир чектөө киргизген жок. Ошол эле учурда муктаждыктагы товарларды ташуунун көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM