Биз менен байланышыңыз

УКМК телефондук “террорчуну” кармады

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 354 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) телефондук “террорчуну” колго түшүрдү. Бул тууралуу  УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

6-мартта атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги Орусиянын консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге УКМК атайын адистеринен турган топ дароо барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган. Текшерүүнүн жүрүшүндө эч кандай жарылуучу зат табылган эмес.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 246- Терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1974-ж.т. М.Т.К. аттуу Кыргызстандын жараны аныкталып, кармалды.

Такталгандай, М.Т.К. бейбаштык менен анонимдүү маалымат жиберген. Учурда тергөө жүрүп жатат, — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК жалган маалыматтарды тараткан үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилик каралганын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM