Биз менен байланышыңыз

Таласта коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 684 | 0

Мессенджер аркылуу тарап жаткан Талас облусундагы ооруканага коронавирус менен ооруган чет элдик жаран жаткарылганы тууралуу маалымат калп, чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттө өткөн короновирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу  жана  жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Анда белгиленгендей, 7-мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Башка мамлекеттердин аймагында жүргөн кыргызстандыктардын арасында коронавирус менен ооругандар жок.

Буга чейин, Япония өкмөтү Кыргызстанга коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн реагенттерди берүүгө, Кытай Эл Республикасы гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендиги айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM