Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча сотто судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 511 | 0

Кой-Таш окуясы боюнча сот процессине төрагалык кылган судья Марат Сыдыковго ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү.

Айыпталуучулар буга жактоочулардын берген өтүнүчтөрү судья тарабынан улам четке кагылышы себеп болгонун айтышат. Ал эми мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчтөрү кабыл алынып жатат. Айыпталуучулар судьянын бул аракетин атайын жасалууда деп кабыл алышат.

Эскерте кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала соттук угуу өткөрүп жатат.

Бул иш боюнча 14 кишиге айып тагылган. Алардын сап башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев турат.

Учурда сот тыныгуу жарыялап, кеңешүү залына кирип кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM