Connect with us

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент милицияны мактады

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 2005 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ага өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышты.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгиледи.

Кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчысы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек, — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Андан кийин Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылып жатышынан улам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине көңүл бурууга басым жасады.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул багытта көрүлүп жаткан антикризистик чаралар, өлкө экономикасы үчүн кесепеттерди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Президент Өкмөткө тобокелчиликтер менен көйгөйлөрдү гана эмес, мүмкүнчүлүктөрдү дагы карап, продукцияны сатуу үчүн жаңы багыттар ачылса, кырдаалга ыкчам талдоо жүргүзүү жана ишкерлерге жардам кылуу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле экономикалык коопсуздуктун тобокелчиликтери менен коркунучтарын, терс кесепеттерди азайтуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарды натыйжалуу координациялоо максатында республикалык ыкчам штаб түзүү боюнча сунуштама берилди.

Copyright © 2017 Maral FM