Биз менен байланышыңыз

Эрдоган менен Путин Сирия маселесин талкуулайт

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 642 | 0

5-мартта Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Орусияга барат.

Бир күндүк иш сапардын алкагында эки тарап негизинен, Сириянын Идлиб аймагындагы соңку жагдайды талкуулашмакчы. Эрдоган бул жолугушууда жакшы жыйынтык чыгарына үмүттөнөрүн билдирди. Эске салсак, буга чейинки телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн оң натыйжа чыкканы байкалган эмес.

Буга чейин Эрдоган 5-мартта, Түркиянын Стамбул шаарында Сириянын Идлиб провинциясындагы жагдайга байланыштуу 4 өлкө жетекчилеринин катышуусунда саммит өтөрүн маалымдаган болчу. Бирок, Орусия бул маалыматты четке каккан.

Идлибде 27-февралда сириялык аба күчтөрдүн соккусунан улам 33 түрк аскери каза тапкандан кийин кырдаал курчуду.

Идлиб – 10 жылга жакын убакыттан бери Сириянын президенти Башар Асадга каршы оппозициянын тарапташтары аракет жүргүзгөн акыркы сириялык провинция болуп саналат. Орусия Асаддын режимине колдоо көрсөтүп келет. Ал эми Түркия болсо тескерисинче, сириялык оппозицияны колдоп келет. Учурда Орусия менен Түркиянын чыңалуусу күчөп турган кез. Эки мамлекет бири-бирине түз каршы чыкпаганы менен бул согуш үчүн бири-бирин айыптап келет.

Ал эми бүгүн, 3-мартта АКШ делегациясы Сириядагы абалды талкуулоо үчүн Түркияга келди.

Бириккен Улуттар Уюмунун АКШдагы өкүлү Келли Крафт жана Американын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри Анкарада Түркия делегациясы менен Сирия маселелерин талкуулайт. Визит алкагында БУУнун Түркиядагы өкүлдөрү жана жарандык коом менен жолугушуу пландалган. Анда Сириянын президенти Башар Асаддын режими менен оппозиция тобунун кагылышуусунан улам жаралган гуманитардык кризистен чыгуу маселеси талкууланары күтүлүүдө.

2-мартта Түркиянын ИИМи 117 миң 677 качкын өлкөдөн Греция тарапка чыгып кеткенин маалымдады.

Мигранттардын агымынан чочулаган Грециянын бийлиги Түркия менен кургактагы жана деңиздеги чек араларын кайтарууну күчөтүү чечимин кабыл алды. Качкындар Грециянын чек арасында өлкөгө кирүүгө аракет кылып турган чагы. Ал эми Греция качкындарды кабыл алуу ниети жоктугун билдирүүдө. Грециянын мамлекеттик чек арасын жарып өтүүгө аракет кылган качкындардын агымын токтотуу үчүн суу менен атуучу курал жана көздөн жаш агызуучу газдар колдонулууда.

Copyright © 2017 Maral FM