Биз менен байланышыңыз

Митингден соң аянт тазаланып, жол кыймылы иреттелди

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 624 | 0

2-мартта Бишкек шаарында өткөн митингден кийин борбордук аянттан 1 тонна таштанды чыкты. Бул тууралуу шаар башкармалыгы кабарлады.

Тазалоо иши үчүн «Тазалык» ишканасынын 23 кызматкери жана 2 техникасы чыкканы айтылат.
Ал эми Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкектеги жол кыймылы калыбына келтирилгенин маалымдады.

Эскерте кетсек, 2-мартта «Ала-Тоо» аянтында митинг өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы коюлган. Аягында Ак үйгө кирүүгө аракет жасалып, күч органдарына таш ыргытышкан. Буга байланыштуу митингдин уюштуруучуларына кылмыш иши козголуп, УКМКга алынып келингени кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM