Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров Ош, Жалал-Абад облустарынын чек ара тилкелерине барды

Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 401 | 0

Вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Жалал-Абад жана Ош облустарынын бир катар чек ара аймактарына барды. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлады.

Вице-премьер Ала-Бука районунун Көк-Таш, Көк-Серек, Т.Балтагулов Ак-Коргон айыл аймактарындагы, Аксы районунун Кашка-суу айыл аймагында жана Кербен шаарындагы чек ара участокторун кыдырды.

Акрам Мадумаров ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара бекеттерине барып, Ала-Бука районундагы Баймак көзөмөл-өткөрмө жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Жергиликтүү бийлик органдарынын жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте орун алган маселелер талкууланды.

Сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр тиешелүү кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чек арачылар үчүн социалдык-жашоо шарттарын мындан аркы жакшыртуу, чек арага жакын жайгашкан айылдарды өнүктүрүү жана көрсөтүлгөн аймактардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал ошондой эле өлкө бийлиги жана Өкмөт тарабынан региондорду, анын ичинде чек ара аймактарын өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу жергиликтүү калкты маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM