Биз менен байланышыңыз

1-марттан тарта Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 778 | 0

2020-жылдын 1-мартынан тарта Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүндө коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында маалымдалды.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, бул чара республиканын жарандарынын коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилүүдө.

Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды. Республикалык штаб өлкө жарандарын жоопкерчиликке үндөп, ден соолукка, коопсуздукка жана жарандардын бакубатчылыгына олуттуу коркунучтарды алып келген аракеттерге барбоого чакырат, — деп айтылат Өкмөттүн билдирүүсүндө.

Республикалык штабдын мүчөлөрү кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуш кылат жана өздүк гигиенаны сактоонун зарылдыгын эскертет.

Ошондой эле республикалык штаб жарандарды ар кандай сөздөргө эмес, тармактык мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырат. Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджер аркылуу тараткандарга катаал чаралар көрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM