Биз менен байланышыңыз

Исаков: Университеттердин иши санариптик билим берүү менен бааланат

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 434 | 0

Бишкек мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү шартында Кыргызстандын жогорку билим берүүсүнүн сапатын жогорулатуу маселелери» аттуу Билим берүү форуму болуп өттү. Форумдун алкагында билим берүүнү өнүктүрүүдө ааламдашуу жана санариптештирүүгө арналган актуалдуу маселелер, инновациялык санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери каралды.

Форумдагы дискуссиянын эӊ негизги идеясы жогорку окуу жайларда «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде электрондук иш кагаздарын жүгүртүү аркылуу башкаруу ишмердүүлүгүн трансформациялоо болду.

Министр Каныбек Исаков билим берүү системасы бардык инновациялардын негизин түзөөрүн, ошондуктан республикабыздын азыркы экономикасынын прогрессивдүү өнүгүшү билим берүү секторундагы санариптештирүү процесстеринин эффективдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи.

Санариптештирүү — өзгөчө билим берүүнүн сапатын жогорулатууда, ар тараптуу өнүктүрүүдө уникалдуу механизм болуп саналат. Ошондуктан азыр санариптик доордо жашоого, турмушка, кесипке жаӊы көндүмдөрдү пайда кылган окутуунун принципиалдуу жаӊы технологияларына өтүү зарыл”,-деди министр.

Исаков университеттер студенттердин талабын маданияттуу канааттандыра албай жатканын айтып, аларга болгон мамилени жакшыртуу керектигин белгиледи. Ошондой эле ректорлордун ишмердүүлүгү окуу жайга тарткан инвестиция, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу менен өлчөнөөрүн кошумчалады.

Соңунда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Форум Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM