Биз менен байланышыңыз

 Идлибдеги согушта Түркиянын 33 аскери көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 1291 | 0

Сириянын президент Башар Асад жетектеген армиясынын Идлибге жасаган авиасоккусунан улам 33 түркиялык аскер каза болду. Бул тууралуу чектеш турган Хатай провинциясындагы түрк бийлиги журналисттерге маалымдаган.

Буга чейин провинциянын губернатору аба чабуулунан 29 түрк аскери каза болуп, 36сы жаракат алганын айткан болчу.

Мындай жоготуудан соң, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү.

Маалыматка караганда, жыйында «Асад режиминин бардык белгилүү позицияларына жооптуу сокку уруу» чечими кабыл алынды.

«Анадолу» агенттиги кабарлагандай, Түркиянын Улуттук коргонуу министри Хулуси Акар жооп иретиндеги чабуулга даярдануу үчүн Хатай провинциясына келди.


Идлибдеги жагдай Орусия менен Түркиянын мамилесин солгундатабы?


Сирия президенти Башар Асадды Орусия колдосо, ага каршы аракет жүргүзгөн оппозиция тобун Түркия колдоп келет.

Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, деэскалация тилкесине айлантууга макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече ирет бузулган. Эки тараптуу жардыруулардан соңку убактарда жүздөгөн аскер менен жай тургундардын өмүрү кыйылды.

БУУнун маалыматына караганда, соңку 2 айда эле Идлиб провинциясындагы согуштан качкан качкындардын саны жарым миллиондон ашкан. Тактап айтканда, 1-декабрдан бери 700 миңден ашык адам турак-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Алардын 80 пайыздан ашыгын – аялдар менен балдар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM