Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Пакистанда да коронавирусту жуктургандар аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 706 | 0

Дүйнө элин чочулаткан коронавирус кулачын жайып баратат. 27-февралга карата аталган вирусту Дания, Грузия жана Эстония мамлекеттеринин жарандары жуктуруп алгандыгы айтылды. Маалыматка караганда, алар Италия менен Иранда болуп келишкен. Пакистанда да вируска чалдыккан эки адам катталды.
Андан сыркары, Орусияда 3 жарандан коронвирус табылды. Алар Япониядагы «Diamond Princess» саякат кемесинен Казань шаарына эвакуацияланып келгендер. Аталган круиздик лайнерде коронавируска кабылгандардын саны 705ке жетти. Алардын төртөө көз жумду.

Ал арада бүгүн, жалган маалыматка ишенип, хайп кармоону көздөгөн айрым маалымат каражаттары, белгилүү актер жана режиссер Жеки Чанды коронавирус жукту деп, тырмакча ичинде айтканда «карантинге» алып коюшту. Бир катар чет элдик жана кыргыз ЖМКлары Голливуд жылдызы кечелердин бирине баргандан кийин вирусту жуктуруп алып, карантинге алынганын жазып чыгышкан. Киийнчерээк белгилүү болгондой, актер ал кечеде такыр болгон эмес. Мындай фейк маалымат көпчүлүктүн үрөйүн учурбай койгон жок.


Коронавирус 50 өлкөгө жайылды [тизме]


Эми расмий тастыкталган коронавирус каптаган мамлекеттерге токтолсок, баары биригип 27-февралга карата коронавирус инфекциясынын жайылышы 48 өлкөнү жана 3 административдик аймакты каптады. Анын ичинде 11 мамлекет акыркы күн аралыгында кошулгандар.

Кытайдан башка өлкөлөрдө вирусту жуктургандар 3 500дөн ашты. Түштүк Кореяда 1 күндө 504 жаңы жагдай катталып, вируска кабылгандардын жалпы саны — 1766га жетти, Diamond Princess круиздик лайнеринде вируска кабылгандар-705, Италияда вирус жуктургандар жалпы 470 адам, Иранда — 245, Японияда — 207 адам. Аталган өлкөлөрдө каза болгондор 60ты түздү.

Жалпы дүйнө боюнча — 82 миңден ашык адам вируска кабылган. Анын 79 миңге жакыны Кытайда. Бул өлкөдө коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 2 747ге жетти.

Ал арада, вируска кабылган 32 540 бейтап эмделип, ооруканадан чыгарылган.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму коронавирус эпкини башталган аймактарда карантин жарыялап, көзөмөлдү күчөтүүгө чакырып келет.


Умра сапары. Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды


Буга байланыштуу, Сауд Аравия умра амалдарын жасоо үчүн башка өлкөлөрдөн Меккеге барган зыяратчыларды кабыл алууну убактылуу токтотту. Андан сырткары, коронавирус күч алган мамлекеттен келген туристтерге да өлкөгө кирүүгө тыюу салынды.

Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги Сауд Аравия коронавирус менен күрөшүүдө эл аралык уюмдарды, айрыкча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмун колдоого даяр экендигин билдирди.

2 ай ичинде коронавирустун эпкинин басаңдабаса, Токио шаарында боло турган жайкы Олимпиада-2020 жана Паралимпиада оюндары да артка жылдырылышы мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Брюс Айлворддун айтымында, Кытай, Япония, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн мамлекеттер бир айласын табат. Бирок, жакыр өлкөлөр коронавирус менен күрөшүүгө чамасы келбейт. Ошондуктан, пандемия жаратпаш үчүн, жакыр турган мамлекеттер эрежелерге баш ийип, көзөмөлдү күчөтүшү зарылдыгын айтып келет.

Жугуштуу оорулар боюнча кытай эксперти Чжунь Наньшань, «буга чейин коронавирустун күч алган учуру февралдын ортолорунда болорун айтканбыз, ошондой болду» дейт. Ал, эпидемия эми апрелдин аягында толугу менен көзөмөлгө алынарын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM