Биз менен байланышыңыз

Индия: Мусулмандарга болгон кысым, индуисттер менен болгон кагылышта 28 адам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 1040 | 0

Индиянын борбору Нью-Делидеги массалык нааразычылык жана мусулмандар жашаган аймактагы кагылышуудан улам каза болгондордун саны 28ге жетти. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазды.

Маалыматка караганда, дагы 200дөн ашык адам жаракат алган, жабыркагандардын арасында балдар да бар.

24-февралда башталган Нью-Делидеги индуист менен мусулмандардын тирешинин негизи Индияда жашаган ислам дининдеги адамдардын укугунун бузулушу болгонун айтат мусулмандар.

Кошумчалай кетсек, жарандык тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Ооганстан, Пакистан жана Бангладеш сыяктуу Түштүк Азия өлкөлөрүндөгү кысымга кабылган мусулман эмес жарандарга индиялык паспорт алууга жеңилдиктер киргизилген. Ал эми мусулман болгондорго мындай жеңилдиктер каралган эмес.

Мындай өзгөртүүлөр Индиядагы мусулмандардын нааразычылыгын жаратты. Акцияны уюштуруучулардын айтымында, алардын диний тутумдары ар башка, Бангладештен чыккан миллиондогон жарандар мыйзамдуу түрдө Индияга кирүүгө укук алышса, жергиликтүү жарандардын жашоосуна, мусулмандардын кызыкчылыгына коркунуч туудурат.

Мыйзамга нааразы болгон мусулмандарга каршы жергиликтүү индуисттер көтөрүлүшкө чыгышып, башаламандык орун алган. Индуисттер мусулмандар жашаган аймакты каптап, башаламандык күч алгандыктан, жүздөгөн мусулмандар өздөрү жашаган аймактан качууга аргасыз болгон. Ал ортодо 28 адам каза болду.

Буга чейин, соңку ирет Индиянын борборунда мусулмандар менен индуисттердин кагылышы 1984-жылы орун алып, жалпысынан 3 миң адам кайтыш болгон.

Индиядагы мусулмандарга болгон кысымдын күчөшүнө, жаңы мыйзамга каршы нааразычылыктар декабрдан бери токтобой келет.

Copyright © 2017 Maral FM