Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Өкмөттүн жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө маалыматын угат

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 393 | 0

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2020-жылга карата кабыл алынган иш-пландары жана тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угулат.

10-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата өкмөттүн даярдыгы боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Эркинбек Чодуев маалымат берген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM