Биз менен байланышыңыз

Комитет Конституциялык палатанын судьялыгына сунушталган талапкерлерди жактырды

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 273 | 0

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына сунушталган Мукамбет Касымалиевдин, Мээргүл Борбукееванын, Латип Жумабаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Copyright © 2017 Maral FM