Биз менен байланышыңыз

Назирбек Бөрүбаев: Тажиктер менен жер алмашуу боюнча маселе көтөрүлгөн эмес

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 685 | 0

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынында жер алмашуу маселеси каралган жок. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. Ал эки тарап өз ара иштөө багытын аныктап алышканын белгилейт.

Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында эки тарап бир пикирге келип, ишти жандандыруу боюнча макулдашылды. Бул жолугушууда алмашуу деген маселе көтөрүлгөн жок. Алмашуу маселеси өтө татаал. Бир күндө чечилбейт. Дагы карап көрүп, эл менен макулдашкандан кийин айтабыз, — деди ал.

Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим баштаган жыйын Баткен шаарында өттү.

Буга чейин «Азия-Плюс» маалымат булагы тажик делегациясына жакын булакка таянып, ортодогу талаш тилкеде 23 гектар жерди алмашуу каралып жатканын кабарлаган.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 970 чакырымды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM