Биз менен байланышыңыз

Коронавирус Ооганстанга да жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 639 | 0

Ооганстанда коронавируска кабылган алгачкы жагдай катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Фирозуддин Фирузга шилтеме жасап, жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Герат провинциясында 3 адам текшерилип, анын бирөөсү вируска кабылгандыгы аныкталган. Андан улам провинцияда өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланган.

Ооганстан коронавирустун жайылуу коркунучунан улам Иран менен аба жана унаа каттамдарын токтоткон. Буга чейин, Бахрейн менен Кувейтте вирусту жуктургандар катталган. Алар коронавирустун айынан 8 адам каза болгон Иран өлкөсүнөн келген.

Covid-19 коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 77 269га жетти. Каза болгондор 2596 киши.


24-февраль: Японияда коронавируска кабылгандар 800дөн ашты [хронология]


Кытайдан башка өлкөлөрдө вирусту жуктургандар 2 500ге чамалады. Японияда — 838 адам, Түштүк Кореяда- 833 адам, Италияда-215, Сингапурда- 89 адам, Гонконгдо-79, Иранда-47 киши катталган. Ал эми каза болгондор боюнча Иранда 12ге жетсе, Түштүк Кореяда 7 адам каза болгон.

24-февралга карата вирус жуккандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Copyright © 2017 Maral FM