Биз менен байланышыңыз

Иранда коронавирустан каза болгондор 8ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Фев 2020 | 864 | 0

Иранда Covid-19 коронавирусунан каза болгондордун саны 8ге жетти. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалы өз булактарына таянып маалымдады.

22-февралда Ирандын саламаттык сактоо министри Киянуш Жаханпур 28 адам вируска кабылганын, бешөө каза болгонун жарыялаган.

Буга чейин маалымат булактары Иранда коронавирусуна кабылгандар бир күндө 5 адамдан 28ге өскөнүн жазган эле.


23-февраль: Япония менен Түштүк Кореяда вируска кабылгандар миңден ашты [хронология]


Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коркунучтуу вируска каршы бардык өлкөлөр тез арада мобилизация болбосо, коронавирустун жайылышын токтотууга күч жетпей каларын эскертти. Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус, азыр вирусту кармап турууга мүмкүн болгон фазада турганыбызды, бирок, күн санап бул мүмкүнчүлүк азайып баратканын айтып, бардык мамлекеттерди коронавируска каршы бирге күрөшүүгө чакырды.

Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун жалпы саны 2 446га жетти. Андан сырткары, жалпы 77 043 адамга вирус жуккан.

Ошондой эле, вирус жуккан 22 966 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Кытайдан сырткаркы өлкөлөрдө вируска кабылгандардын саны 2000ден ашты. 23-февралга карата Японияда — 769, Түштүк Кореяда- 602 адамдан коронавирустун белгилерин аныкташкан.

Copyright © 2017 Maral FM