Биз менен байланышыңыз

Спикер: 23-февралда жалаӊ гана мырзаларды эмес, аялзатын да куттуктайбыз

Кыска кабар | 23 Фев 2020 | 1078 | 0

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Төрага бул күн армияда кызмат өтөгөндөрдүн гана эмес, өлкөнүн тынчтыгы үчүн кызмат кылган ар биринин майрамы экенин белгилейт. 

«23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү – биздин тарыхыбыздын шаӊдуу жана маанилүү майрамы. Аскер кызматын жана каармандыкты  кадырлоо ар бир коомдо  тереӊ тамыр алган. Мурдатан келе жаткан салтка жараша бул «мырзалардын майрамы» аталып келет, анткени куттуу үйдү жана Ата конушун коргоо – байыртадан ар бир эркектин ыйык парзы болуп келген. Азыр биринчи кезекте, 23-февралда аскер кызматындагы жалаӊ гана мырзаларды эле эмес, аялзатын да куттуктайбыз.

Жоокерлер ар бирибиз үчүн өтө ыйык болгон ар-намыс, антка бек туруу, Мекенди сүйө билүү деген түшүнүктөрдү муундан-муунга ата мурасы катары өткөрүп келет. Ар бир жаран үчүн Ата Журттун кызыкчылыгын коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок.

Ата Мекенди коргоочулардын күнү – армиядагы катаал кызматты өтөшкөн каарман жана эрктүү адамдардын гана эмес, бүгүн ар бирибиздин бейкутчулугубузду жана тынчтыгыбызды сактап, катарда кызмат өтөп тургандардын да майрамы»,-дейт төрага куттуктоо сөзүндө.

Copyright © 2017 Maral FM