Биз менен байланышыңыз

JIA Бизнес-ассоциациясы Ишкер айымдардын форумун өткөрөт

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 1206 | 0

1-мартта Эл аралык Ишкер айымдардын форуму өтөт. Бул тууралуу JIA Бизнес-ассоциациясы маалымдады.

“Өнүгүүнүн аянты” аталышындагы форум ишкер айымдардын экономикалык, интеллектуалдык жана социалдык потенциалын өнүктүрүүнү максат кылат.

JIAнын стратегиялык максаттарынын бири — 2027-жылга айым ишкерлердин санын ассоциацияда 1000ге жеткирүү жана айым ишкердикти өнүктүрүүдө ар тараптуу колдоо көргөзүү.

Форумдун биринчи бөлүгүндө пленардык дискуссия, ал эми экинчи бөлүгүндө атайын чакырылган коноктор тарабынан “Стиль иштеп чыгуу”, “Бренд куруу” мастер класстары өткөрүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар маселелер козголот. Алардын катарында эффективдүү бизнес кызматташуу үчүн айым ишкерлердин аянтчасын куруу, Жалал-Абад облусунда  текстиль тармагындагы тоскоолдуктарды аныктап, маселени чечүү жолдорун издөө, Бренд куруу жана атаандаштык өсүп жаткан учурда сатууларды көбөйтүү, эл аралык донордук уюмдардын айым ишкерлерди колдоосу тууралуу маалымат жана “Бизнесимди кантип ачам?” – жаңы баштап жаткан айым ишкерлерге кеңеш берүү каралган.

Эскерте кетсек, JIA Бизнес-ассоциациясы – жергиликтүү жана эл аралык рынокто ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлердин аянтчасы. Ассоциация 13 жылдан бери чакан жана орто бизнестин ар тармактуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп, жигердүү салым кошуп келет.

Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында жана экономикасы өнүккөн алдыңкы – Япония, Украина, Түштүк Корея жана Индия өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү бар.

Copyright © 2017 Maral FM