Биз менен байланышыңыз

Казакстан телесинде Борбор Азиядагы алгачкы виртуалдык диктор долбоору иштеп жатат [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 875 | 0

Казакстандын Atameken Business телеканалындагы жаңылыктарды виртуалдык диктор алып барууну баштады. Ал Борбор Азиядагы биринчи виртуалдык алып баруучу болду. Бул тууралуу Atameken Business медиахолдингинде маалымдалды.

i-Sanj деп аталган голограмма казакстандык актёр Санжар Мадинин копиясында жасалып, күндөлүк экономика жаңылыктар бөлүмүн алып барат.

Virtual Startup долбоорунун үстүндө иштеген топ, бул контентти технологиялык персонаждар алып барышы керектигин белгилейт. Долбоордун өзгөчөлүгү интеллектуалдык контент менен жаңы технологиянын айкалышында.

Белгилеп өткөндөй, i-Sanj кибер-башкаруучу жаңылыктардын бат жана катасыз чагылдыруудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ал эс алууну, маяна жана гримди талап кылбайт, ошондой эле ал үзгүлтүксүз иштей алат.

Каналдын продюсери белгилегендей, телевидение кинодогу драмадай роль ойнобойт жана виртуалдык жаңы дикторлор автордук программаларды алып баргандардын ордун баса албайт. Долбоор жергиликтүү программисттердин жардамы менен нейрондук байланышты колдонуу менен ишке ашырылган.

Copyright © 2017 Maral FM