Биз менен байланышыңыз

Алты шаарда 1-класска электрондук каттоо системасы менен кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 500 | 0

Өлкөнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында 15-февралдан тартып мектепке электрондук каттоо системасы иштей баштады.

Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин балдарды 1-класска электрондук каттоо системасы менен кабыл алуунун башталышы боюнча тараткан маалыматында айтылат.

Электрондук каттоодо быйыл өзгөрүүлөр бар. Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот. Ал 15-августка чейин уланат.

Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелер үчүн да ыңгайлуу.

Жаңы окуу жылында жогорудагы алты шаарда 32 миң бала мектепке барары пландалууда. Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM