Биз менен байланышыңыз

Нургүл Сатыбалдиева Жогорку соттун судьясы кызматынан кетет

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 363 | 0

Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиева кызматынан кетет. Ал 10-марттан баштап өз каалоосу боюнча кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Судьялар кеңешинин маалымат кызматы билдирди.

Өз кезегинде Судьялар кеңеши бул арызды карап чыгып, сунушту президенттин атына жана Жогорку Кеңешке жиберген. Депутаттар бул сунушту колдоп, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган.

Нургүл Сатыбалдиеванын милдеттери токтотулгандан кийин бош кызмат ордуна сынак жарыяланат.

Copyright © 2017 Maral FM