Connect with us

Токио олимпиадасына лицензия берүүчү мелдеш Бишкекте өтөт

Кыска кабар , Спорт | 18 Фев 2020 | 2529 | 0

Токио Олимпиадасына лицензия ойнотулган күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтөт. Мындай чечимге Кыргызстандын бийлиги кечээ макулдук берди. Бул тууралуу өлкөнүн Эркин күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев бүгүн “Маралга” билдирди.

Мелдеш грек-рим, эркин жана кыздар күрөшүнөн 25-март – 1-апрель күндөргө белгиленди.

Кечээ Кыргызстан мелдешти өткөрүү жоопкерчилигин алды.  Учурда уюштуруу тобу түзүлүп, даярдык иши башталды. Анын жүрүшүндө мелдеш өтүүчү жайдын даярдыгы, күрөшкө келгендер жайгаша турган мейманканалардын абалы текшерилип жатат, — деди Мелис Турганбаев.

Аталган мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарына белгиленген болчу. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) коронавируска байланыштуу башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алып, бир катар Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга турнирди өткөрүүгө сунуш киргизген.

Кыргызстан 2018-жылы күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатын өткөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM