Биз менен байланышыңыз

Жапония: Круиздик лайнерде коронавирус жуктургандардын саны 355ке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 1287 | 0

Жапониянын Йокогама портунда карантинге алынган «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) аттуу круиздик лайнерде коронавирус дагы 70 адамга жугуп, аталган ооруга кабылгандардын жалпы саны 355 ке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Кацунобу Като бүгүн, 16-февралда билдирди.

Ичинде 3 700 жүргүнчүсү бар жапониялык лайнер карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулган.

Йокогамадан 20-январда чыккан кеме Кагосима – Гонконг – Окинава багытында жүрүп, 3-февралда кайрылып келмек. Бирок, өз мекенине жеткенде лайнерден түшүп калган 80 жаштагы Гонконг тургуну 2019-nCoV вирусун жуктурганы аныкталды. 3-февралга карай кемедеги бир нече адамдын абалы начарлап чыккан. Жапония бийлиги кемени сууда кармоо чечимин чыгарып, экипаж мүчөлөрүн  жана 3700 жүргүнчүнүн баарын текшерип чыгышкан.

Ал эми кеменин калган жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүн 14 күн карантинге алып, 19-февралга чейин кемеде кармап туруу чечими чыккан.

Круиздик лайнерде жалпы 2 миң 666 жүргүнчү, 1 миң 45 экипаж мүчөсү бар. Туристтердин арасында 50дөн ашык өлкөлөрдүн: АКШнын, Орусиянын, Гонконгдун, Украинанын жана Германиянын жарандары да бар экендиги айтылды.

АКШ жана Гонконг кемедеги өз жарандарын алып кетүүгө ниеттенип жатышат. Ал эми, кемедеги Орусиянын жарандарынын ден соолугунун абалы жакшы экендигин жана вирус жукпагандыгын Орусиянын Япониядагы элчилигине таянып, РИА Новости жазды.

Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандар 68 500гө жетип, 9 419 адам айыгып, оорунун кесепетинен жалпы 1 665 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM