Биз менен байланышыңыз

Лукашенко Орусия-Беларусия биригүүсү тууралуу айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 530 | 0

Орусия жетекчилиги энерго-баалуулуктарынын баасын арзандатуу аркылуу Орусия менен Беларусиянын биригиши мүмкүндүгүн кыйытууда. Мындай пикирин Беларусия президенти Александр Лукашенко айтты.

Ал Беларусиянын да Орусиянын да калкы мындай жолду каалабай турганын белгиледи.

7-февралда Сочи шаарында Орусия лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда биригүү жөнүндө эмес, негизинен мунай-газ маселеси талкууланганын айтып өттү.

Ошондой эле ал интеграция жөнүндө да сөз болгонун, бирок мында улуттук биригүү эмес, экономикалык гана интеграция талкууланып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM