Биз менен байланышыңыз

Китеп сатып алууда эмнелерге көңүл буруш керек?

Блог , Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 1635 | 0

Көбүбүз китеп алып жатканда эмнеге көңүл бура тургандыгыбызды билбейбиз. Кайсынысы пайдалуу, кайсынысы пайдасыз экенин билбей жатсаңыз кыскача темалар менен жооп берели.

Китептин баасы 

Китеп сатып алуучулардын көбүнүн айлыгы аз, ал эми китептин баалары жогору. Ушундан улам ала албай калган көп китебибиз бар. Бирок өзгөчө өкмөт басмаканаларында басылган китептер арзан болот. Жылдын ар кандай убактарында арзан баада сатыктар уюштурулат, биз да ошол убактарда китеп алууга аракет кылсак болот. Мындан сырткары, кээ бир жерлерде китеп көргөзмөлөрү уюштурулууда, көргөзмөлөрдө да арзан баада сатып алса болот.

Колдонулган адабияттар

Бул китептин илимий болуп-болбогонун, башкача айтканда, пайдалуу китеп экендигин, жазуучунун кайсы адабияттарды колдонгонунан биле алабыз. Туура маалыматтарды билүү үчүн, менимче, эң алгач көңүл бура турган нерсе — «колдонулган адабияттар» бөлүмү.

Мазмуну

Китептин аталыштары адамды өзүнө тартып турушу мүмкүн. Басма үйлөр китептерин сатуу үчүн кызыктыруучу аттарды атайын коюп коюшу мүмкүн. Бирок аталышы жакшы болуп, ичи биз күткөндөй болбой калышы ыктымал. Мындай абалда китеп алган адам алданып калат. Ошондуктан китептин атынан мурда мазмунун кароодо да чоң пайда бар.

Кириш сөз

Эгер китеп жөнүндө дагы да терең маалымат алгыңыз келсе, кириш сөзүн окуп чыгыңыз.

Китептин автору

Пайдалуу китепти алып окууда жазуучунун да мааниси бар. Бирок жалгыз гана белгилүү жазуучулардын китептерин же белгилүү чыгармаларды тандооңуз ката болуп саналат. Сиз белгилүү деп билген автор бир убактарда белгилүү эмес экенин унутпаңыз!

Басмакана

Басылып чыга турган чыгармаларды өтө кылдаттык менен караган басмаканалар бар. Бул басмаканалардын белгилүү окурмандары да бар. Китеп тандоодо басмакана да жардам бере ала турганын унутпаңыз.

Китептин түрү

Каалаган китепти алууга материалдык жактан мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн. Ушул себептен дайыма пайдалана ала турган, колуңузда дайыма боло турган китептерди биринчи орунга коюу менен акчаңызды үнөмдөп аласыз. Романдын ордуна илимий-популярдуу, илимий чыгармаларды алыңыз. Китеп сатып алууда, адегенде, айлык, жылдык максаттарды белгилеңиз. Акылыңызга келген убакта китеп алам десеңиз бир аз кымбатыраак аласыз. Ошондуктан бул айда ушунча китеп алам, бир айда мынча акчаны китепке жумшайм деп пландаңыз, китепканаңыз да пайдалуу болсун.

Булак: «Эмне үчүн китеп окушубуз керек?» Мамбетасан ИБРАЕВ.

Copyright © 2017 Maral FM