Биз менен байланышыңыз

Кыргыз – монгол аскердик кызматташтыгы өнүктүрүлөт

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 332 | 0

Жогорку Кеңеште Кыргыз Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Макулдашуу Кыргызстан менен Монголиянын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында даярдалган жана кол коюлган. Эки тараптуу макулдашуу аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик өнөр-жай, аскердик билим жана технология, тынчтыкты сактоо иш-аракети багыттары боюнча кызматташууну камтыйт.

Copyright © 2017 Maral FM