Биз менен байланышыңыз

Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан башпаанек сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 702 | 0

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан саясий башпаанек сурады. Айсултан бул кадамын үй-бүлөсүнүн ага кысым жасап жатканы менен түшүндүргөн.

Мен Улуу Британиядан саясий башпаанек сурайм. Акыркы 5 жыл ичинде кунарсыз жашоо өткөрдүм. Эл чындыгында эмне болгонун, эмне үчүн болгонун биле турган кез келди,- деп жазды Айсултан «Фейсбуктагы» баракчасында.

Айсултан Назарбаев бул постунда үй-бүлөсүндөгү кыйын жагдай тууралуу баяндаган.

— Бул ирет алар мени кармап алышты. Жана психиканы бузуучу заттарды сайдыртып, абакка жолдошту. Мени дарылансын деген шылтоо менен кыйнап, 14 ай убакытымды өткөрдүм.

Орел шаарында мыйзамсыз түрмөдө жатканыма 12 ай болгондо апам келип, менин өкүнгөнүмдү көрбөй турганын айтты. Натыйжада, мени кайрадан түрмөдө калтырды. Бул 14 айда мен ачууланып жана кек алуу сезимдеримдин жардамында гана чыдай алдым.

Анын айтымында, ал “Орусия менен Казакстан мамлекеттеринин ортосундагы ири жемкордук” боюнча маалыматтарга ээ. Ошондой эле, Times журналындагы маегинде кененирээк маалымат айтыларын белгилеген.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев Казакстандын эл башы, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига менен Рахат Алиевдин уулу.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы Өзбекстандын алгачкы президенти Ислам Каримовдун да тун небереси Улуу Британиядан башпаанек сураган жайы бар.

Copyright © 2017 Maral FM