Биз менен байланышыңыз

14-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 561 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 14-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8… күндүз: 2……..7°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: 1………6°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 3……..8°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 3……..8°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9..….күндүз: -1……..4°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -13……-18…..күндүз: -5.……-10°C

14-февралда Бишкекте күндүз күн ачык болуп, түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…….-5°C, күндүзү 4………6°C.

Copyright © 2017 Maral FM