Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү каражаттар сакталган үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 524 | 0

Кечээ, 12-февралда саат 20:40 чамасында Тимирязев көчөсүндө жайгашкан ар кандай күйүүчү каражаттар сакталган турак үйдөн өрт чыгып жанында жайгашкан турак үйгө өткөн. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 23:28де чектөөгө алынган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн аянты болжол менен 2600 чарчы метрди түздү. Каза болгон жана жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, көбүк (пена) менен КамАЗ унаасы жана өрт өчүрүү штабы, Кризистик кырдаалдарда башкаруу бөлүмүнөн  ыкчам топ жана Бишкек шаардык Куткаруу кызматы менен 1 куткаруучу бригада катышты.

Мындан сырткары, медициналык тез жардам кызматынан 2 бригада, Бишкек шаардык газ чарбасынан 1 бригада, ИИМден 4 унаа 115 кызматкер, Бишкек Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, “Тазалык” ишканасынан 1 суу ташуучу унаа катышты.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM