Биз менен байланышыңыз

Путин менен Эрдоган Идлибдеги абалды талкуулашты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 401 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу Сирия кризиси, тактап айтканда Идлибдеги абал боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайты жазды.

Маек алкагында Сириядагы абал тууралуу талкуу болду. Эки тарап 2018-жылы Сочи меморандумун, андагы орус-түрк келишимин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга чейин Эрдоган Орусия менен Сирияны Идлибдеги жай тургундардын өлүмүнө күнөөлөгөн. Ал Анкара “Асаддын (Сирия президенти Башар Асад) аскерлерин деэскалация аймагынан чыгарууда” чечкиндүү экендигин айткан.

Орусия менен Түркия тарабынан Идлиб аймагында ок чыгарбоо режими киргизилгени менен январь айынан баштап Сирия аскерлери менен оппозиция топторунун кагылышы күч алды. Анын айынан эки тараптан тең бир топ аскер менен жай тургундар каза болду. Конфликт ушул таризде уланса, гуманитардык катастрофага алып келиши толук ыктымал.


Бейпил жашоо издеген качкындар толкуну Европаны кайрадан капташы күтүлүүдө

Copyright © 2017 Maral FM