Биз менен байланышыңыз

Бейпил жашоо издеген качкындар толкуну Европаны кайрадан капташы күтүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 586 | 0

Декабрда башталган Сирия армиясынын Идлибге болгон чабуулунан улам 700 миңден ашык адам турак-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Мындай маалыматты Бириккен улуттар уюму билдирди.

Мындай көрүнүшкө Сирия армиясы менен Түркия колдогон оппозициянын кагылышы себеп болууда. Сирия менен Түркия ачык эле конфликтке келип жаткандыктан, эки тараптан тең каза болгон аскерлер жок эмес.

Сириядан чыккан 4 млн качкынды батырган Түркия, жаңы толкундан качып, Идлиб менен болгон чек арасын жабык кармоодо.

Бирок жакында Идлибдеги согуш жагдайларынан улам качкындар агымы Европага жетерин серепчи Дэвид Гарднер айтууда. Бул тууралуу Financial Times сайты жазды.

Жаңы миграциялык кризис Европадагы 2015-2016-жылдары байкалган популисттик ксенофобияны кайталашы мүмкүн. Идлиб районундагы “оюндун” башында турган Орусия менен Түркия муну түшүнбөй койбойт.

Идлиб – 10 жылга жакын убакыттан бери Сириянын президенти Башар Асадга жана анын режимине каршылык көрсөтүп келген оппозициянын тарапташтары аракет жүргүзгөн акыркы сириялык провинция болуп саналат.

Түркия Сириянын оппозициясын, Орусия анын өкмөтүн колдойт. Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, деэскалация тилкесине айлантууга макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече ирет бузулган. Эки тараптуу жардыруулардан соңку убактарда бир нече аскер менен жай тургундардын өмүрү кыйылды. Мевлют Чавушоглу Идлибге болгон чабуул токтобосо, өлкөдөн чыккан качкындардын саны бир нече миллионго жетерин эскертти.

БУУнун маалыматына караганда, соңку 2 айда эле Идлиб провинциясындагы согуштан качкан качкындардын саны жарым миллиондон ашкан. Тактап айтканда, 1-декабрдан бери 700 миңден ашык адам турак-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Алардын 80 пайыздан ашыгы – аялдар менен балдар.

Copyright © 2017 Maral FM