Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Майрам Акаева Кыргызстанга келген эмес

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 202 | 0

Туңгуч президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстандын чек арасына кирген эмес. Бул кабарды Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди деген маалымат чындыкка туура келбейт. Ал чек арадан өткөн эмес”, — деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары жеке булактарына таянып, Майрам Акаева жан сакчысы менен Кыргызстанга учуп келгенин, аны бул жактагы жан сакчылар аэропорттун VIP залынан тосуп алганын жазып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM