Биз менен байланышыңыз

Америкада кыргыз программисттеринин форуму өттү

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 1322 | 0

АКШнын Чикаго шаарында «Kyrgyz IT Forum» аталышындагы форум болуп өттү. Форумга 250дон ашык кыргызстандыктар катышты. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Эсен Ниязов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Дүйнөнүн алдыңкы өлкөсү Американын Чикаго шаарында 250-300 кыргызстандык мекендештер Билим, бизнес, технология жана ITге байланыштуу форум өткөзүштү. Өлкөбүз акыркы 30 жыл бою өнүгүү нугуна түшүүдөн аксап турган кезде ушул сыяктуу иш-чаралар кадимкидей дух»берет экен! Кыргызстандын өнүгүү үмүт жарыгы ITде , — деп жазды Ниязов.

Форум IT профессионалдар, студенттер жана бардык каалоочулар үчүн болуп,  IT тармагында ийгилик жараткан кыргызстандыктар кеп-кеңешин берип, IT курстар тууралуу кеңири маалымат жана ITге тиешелүү бардык суроолорго жооп беришти.

Форум акысыз өттү.

Copyright © 2017 Maral FM