Биз менен байланышыңыз

«Жоопкерчиликти өкмөт башчы өзүнө алышы керек»

Саясат | 11 Фев 2020 | 1078 | 0

Маанилүү маселелердин чечилбей калуусунда өкмөт башчынын жоопкерчилиги көңүл сыртында калууда. Саясат талдоочу Акылбек Сариев “балким, бийлик Абылгазиевди ордунда сактап калуу аракетин көрдүүдө” дейт.

-Разаковдун отставкасы чек арадагы чыр-чатактын маселесинен келип чыкты окшойт. Андан сырткары, 2010-жылга чейинки түшүндүрмө каты да интернетке тарап кетти. Ошонун баары чогулуп, ушундай кадам жасаганга мажбур кылды окшойт. Негизи, жоопкерчиликти өкмөт башчы өзүнө алышы керек болчу. Депутаттар айтмакчы, өкмөттү отставкага кетирбөөнүн ыкмасын ойлоп тапкандай таасир калтырууда. Одоно мүчүлүштүктөр болгондо өкмөт таратылып, жаңысы түзүлүп ишке кирчү эле. Балким, биздин мамлекет башчынын өкмөт башчыны улам эле которо бербей, узагыраак кармоо оюнда бардыр…

Бүгүн президент кол койгон жарлыкка ылайык Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелерин тескеген Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматтан бошотулду. Разаков вице-премьер болуп 2018-жылдын 20-апрелинен тарта иштеп, күч түзүмдөрү жана чек ара маселелерин тескеп келген.

Бошогон вице-премьер-министрлик кызматка өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралып жатканын “Jebe.media” порталы өздүк булактарына таянып жазып чыкты. Айта кетсек, Акрам Мадумаровдун «галстук тагынбайсыңар» деп мугалимдерди жемелеген видеосу интернетке тарап, коомчулуктун сынына кабылган жайы бар.

Мындан сырткары, бул орунга коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин талапкерлиги да каралып жатканын жазышууда.

Ал эми социалдык тармактарда азыркы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин вице-премьер-министрликке туура көрүп, билдирүү жазгандар көп болууда.

Айта кетсек, акыркы эки жумада эле 3 өкмөт мүчөсү алмашты. Экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелерге жооптуу болгон вице-премьер-министр Замирбек Аскаров  кызматынан алынды. 4-февралда ЖК вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Аскаровдун талапкерлигин жактырды.

Copyright © 2017 Maral FM