Биз менен байланышыңыз

Москвадагы эмгек патентинин жарымы өзбекстандыктарга берилген

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 533 | 0

2019-жылдын жыйынтыгына ылайык, Москва бюджетине эмгек патенттери менен иштеген мигранттардын салымы 18,3 миллиард рублду түзгөн. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 5,2 пайызга көп. Бул тууралуу Москва шаардык мэриясынын экономикалык саясат жана шаарды өнүктүрүү департаменти маалымдады.

Ага ылайык, 2019-жылы Москвада 463,7 миң эмгек патенти берилген, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 2,7 пайызга көп.

Департамент тараткан маалыматка караганда, эмгек патентинин жарымы өзбекстандыктарга берилген. Тажикстан жарандарына 38 пайыз, Украинага 6 пайызы берилген. Ошондой эле, Москвада иштөө үчүн эмгек патентин 3 пайыздан Азербайжан жана Молдова жарандары алган.

Беш жыл ичинде Москвада иштөө үчүн мигранттарга 2 миллиондон ашык эмгек патенти берилип, андан шаар бюджетине 77 миллиард рубль каражат түшкөн.

«Эмгек мигранттары Москвадагы эмгек рыногунда өзгөчө орунду ээлейт. Ошондой эле, алар москвалыктар иштегиси келбеген: көчө шыпыруу, жүк ташуу, курулуш жумуштары сыяктуу жумуштарды аткаргандыктан шаар тургундарына эмгек рыногунда атаандаштык жаратпайт. Патент алган мигранттардын 100 пайызы атайын медициналык текшерүүдөн өткөн жана орус тилин билүү боюнча сынак тапшырган»,- дейт департамент башчысы Денис Тихонов.

Copyright © 2017 Maral FM