Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Казакстандын миңден ашуун жараны Кыргызстандан чыгып кетти

Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 1962 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Казакстанга өткөрүүчү чек ара өткөрмө бекеттери штаттык режимде иш алып барып, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү, жарандарды өткөрүүнү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматы 7-8-февраль күндөрү «Кең-Булун авто жол» жана «Токмок-авто жол» өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга жарандардын тыгыны көбөйгөндүгүн аныктаган.

Бүгүн, 9-февралда кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй жарандардын кайтканы байкалып, саат 10.00гө карата миңден ашуун Казакстандын жараны Кыргызстандан чыгып кетишкен.

Мамлекеттик чек ара кызматы өткөрүү жайларындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Аталган 2 айыл Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дуңган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү. Айрым маалымат булактарында жаңжалдан кийин кыргыз-казак чек арасы аркылуу Кыргызстандын аймагына 4500дөй кишинин өткөнүн айтышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM