Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 10-февралда тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 567 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы болжолдонууда. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 0…..5… күндүз: 9……..14°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 5………10°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 1……6….күндүз: 10……..15°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 1……6….күндүз: 10……..15°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 0…..-5..….күндүз: 4……..9°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -12……-17…..күндүз: -1.……-6°C

10-февралда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…….4°C, күндүзү 11………13°C.

Copyright © 2017 Maral FM