Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы болжолдонууда. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 0…..5… күндүз: 9……..14°C
Талас облусунда:
түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 5………10°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 1……6….күндүз: 10……..15°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 1……6….күндүз: 10……..15°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 0…..-5..….күндүз: 4……..9°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -12……-17…..күндүз: -1.……-6°C
10-февралда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…….4°C, күндүзү 11………13°C.