Биз менен байланышыңыз

Боронов: Аймактарды өнүктүрүү транспорттук инфраструктура менен тыгыз байланышта

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 402 | 0

Аймактарды өнүктүрүү транспорттук инфраструктура менен тыгыз байланышкан. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Транспорт жана жолдор министрлигинин 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

2019-жылы Өкмөт республиканын региондору аркылуу өткөн 335,5 чакырым эл аралык транспорттук коридорлордун реконструкциясын каржылады. Республикалык бюджеттен региондордо 168 км жол асфальтталды. Бул механизм өз натыйжалуулугун көрсөттү жана 2020-жылы да бул багыттагы иштерди улантабыз, — деди биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов үстүбүздөгү жылы электрондук   транспорттук көзөмөлдү киргизүү,  жолду паспорттоштуруу, коммерциялык жүк ташуучу транспорттон жана автобустардан жыйымдарды чогултуунун автоматташкан системасын иштеп чыгуу жана  киргизүүгө өзгөчө басым жасоо керектигин баса көрсөттү.

Муну менен бирге биринчи вице-премьер-министр жарандык авиацияны, темир жол жана жол тармагын өнүктүрүү багытында Өкмөт тарабынан бекитилген программаларды жүзөгө ашырууну өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү талап кылды.

Мындан тышкары коллегиянын жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди, анын ичинде:

  • Коррупцияга каршы иш-аракеттердин планын толук аткаруу;
  • Бишкек – Кара-Балта, Маданият – Жалал-Абад, Ош-Баткен-Исфана, Түндүк-Түштүк автожолдорунун курулуштарын улантып, жылдын аягына чейин графиктен калбай, сапаттуу жүргүзүү;
  • «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун баштоо, «Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоону мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашыруу;
  • жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу.

Copyright © 2017 Maral FM