Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Путин менен Лукашенко жолугат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 424 | 0

Бүгүн, 7-февралда Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларусиянын президенти Александр Лукашенко жолугат. Бул тууралуу расмий Кремль маалымдады.

Орусия-Беларусия лидерлеринин жолугушуусунда талкуулоочу маанилүү маселенин бири – Орусиянын күйүүчү майын жана мунай газын Минскиге жеткирүү.
Өткөн жылдын соңунда президенттер дал ушул Сочи шаарында жолугушкан. Бирок алар 2020-жылы нефтини жеткирүү тууралуу бир чечимге келе алышкан эмес. Анын айынан январдын башында Орусия өндүрүмүн Беларусияга жиберүү бир нече күнгө токтотулган.

Бул арада Лукашенко Беларусияга нефтини алып келүүчү башка булактарды да издеп жатканын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM