Биз менен байланышыңыз

Разаков: Быйыл финансылык тартипти камсыздоого зор көңүл бурулат

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 516 | 0

«Бардык мамлекеттик органдардын күч-аракеттери аймактарды өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө жана балдарды коргоого багытталган. Быйыл ишмердүүлүктүн көптөгөн чөйрөлөрүнө финансылык тартипти камсыздоого зор көңүл бурулат», — деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйында.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, 2019-жылы Өкмөттүн саясаты жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга, ата мекендик бизнести колдоого, бажы жана салык процедураларын фискалдаштырууга, мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоого, социалдык кепилдиктерди камсыздоого жана башка максаттарга багытталган.

Разаков Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына инвестицияларды тартуу, бизнести өнүктүрүү, жер-жерлерде ишкерлик субъекттерин  колдоо маселелери боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары вице-премьер-министр калктын социалдык-экономикалык маселелерин өз убагында чечүү зарылдыгын ырастап, алардын артыкчылыктуулугун белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM