Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 905 | 0

Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектеди.

Жыйын учурунда эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар экени белгиленди.

Учурда вице-премьер-министр баштаган кыргызстандык делегация чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM