Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Кытай оюнчуктарын импорттоону азайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 690 | 0

Тажикстан Кытайдан пластик оюнчуктарды алып келүүнү 155 тоннага кыскарткан. Бул тууралуу «Тажикстандарттын» өкүлү Кудрат Давлатзода билдиргенин Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Анын айтымында, өткөн жылы Кытайдан 150 тонна пластик оюнчуктары келген. Бул мурдагы жылкы көрсөткүчкө караганда 155 тоннага аз.

Негизинен бул өлкөгө оюнчуктар Кытай, Орусия жана Өзбекстандан келет. Кытай оюнчуктарын жеткирүүнүн азайышы Согди облусунда оюнчук чыгаруу фабрикасынын ишке кириши менен байланыштуу экендигин белгиледи Давлатзода.

Буга чейин тажик бийлиги Кытайдан келип жаткан оюнчуктардын сапатынын төмөндүгүнө тынчсызданган.

Хожентте ачылган фабрикадан былтыр оюнчуктардын элүүдөй түрү жана велосипеддер, балдар коляскалары чыгарылган. Ишкананы курууга 2 миллион АКШ доллары жумшалган. Оюнчуктарды жасай турган сырье Кытайдан келет.

Copyright © 2017 Maral FM