Биз менен байланышыңыз

Балык жана айыл чарбанын ИДПсынын өндүрүмү 220,0 млрд сомду түздү  

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 534 | 0

2019-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбанын, токой чарбанын жана балык чарбанын  ички дүң продукциясынын өндүрүмү 220,0 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда жогорудагы чарбалардын 2018-жылдагы деңгээлге карата өсүш темпи 102,6%ды түзгөн. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Айыл чарбанын салыштырма салмагы ички дүң продукцияда 12,1%ды түздү. Айыл чарба өндүрүшүндөгү мал чарба продукциясынын үлүшү 47,3%, ал эми багбанчылык – 50,1%ды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM